7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алмаз Бейшеналиев жаш балдарды кубантуу үчүн жаңы челлендж баштады

297

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев жаңы жыл алдында жаш сүрөтчүнү кубантты.Буга чейин “Балажан” республикалык борбору өлкө боюнча жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар интернаттарынын арасында “Жаңы жыл – жаңы үмүт” аттуу долбоордун алкагында сүрөт сынагы болуп өткөн. Анда тандап алынган мыкты сүрөттөр мамлекеттин башындагы жетекчилерге, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана элчилерге жаңы жылдык куттуктоо катары белек катары жөнөтүлгөн.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=2758798531008710&id=100006357702566

Алардын арасынан Алмаз Бейшеналиевге Ош облусундагы атайын жалпы билим берүүчү дүлөй балдар үчүн мектеп-интернатынын 13 жаштагы тарбиялануучусу Иманбек Жунускановдун тарткан сүрөтүн белекке жиберген. Министр өзүнүн атынан Иманбек Жунускановго белекке гаджет жөнөтүп, ушундай жышаанды премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиковдун улап кетүүсүн өтүндү.Эстафетанын шарты боюнча балдардан сүрөт белек алган жетекчи авторго жаңы жылдык белек берүүсү керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

298