Кемпир-Абад суу сактагычына кыргыз тарап дагы башкарууга кирди. Анан кантип Кемпир-Абад кетип калды деп кыйкырып чыгышат? Бул тууралуу Тынчтык Алтымышев соц.тармактагы баракчасына билдирди.
“Ич-ара чырдашып, дал келбеген көз караштар үчүн каршылашканыбыз менен, мамлекеттик кызыкчылык биринчи орунда турган кезде бийигирек ойлонсок. Айтайын дегеним бул. Кемпир Абадчыларга бийлик эмне үчүн каардуу мамиле жасап жатат?
Эмне үчүн дегенде бизге келип жаткан Кемпир-Абадды, алар кетип жатат деп манипуляция кылышты. Кемпир-Абад шылтоосу менен элди көтөрүп, «төртүнчү төңкөрүштү» кылабыз деп ниеттеништи.
Аларга Кемпир-Абад өзбекке кетеби же бизге келеби кызыгы деле жок болчу. Аларга элди көтөргөнгө шылтоо болсо болду эле. Ошондуктан Кемпир-Абадды шылтоо кылып, элди козутабыз деген максат коюшту.
Бирок максаттары ишке ашкан жок. Себеби Кемпир-Абад кетпей эле 50 пайызы бизге келип жатканын эл көрүп турду. Бүгүн кыргыз-өзбек болуп 50/50 пайыз менен башкарып олтурабыз. Суткасына бизден 3 киши, өзбек тараптан 3 киши болуп, биргелешип башкарабыз.
Эмне үчүн биргелешип? Анткени ал жерде келишимде көрсөтүлгөн көптөгөн нормалар бар. Ошол нормалар дайыма 100 пайыз сакталыш керек. Мисалы, суу сактагычтын горизонталдык деңээли 700дөн ашпаш керек. Сууну кайсы убакта коё берээрибизди биргелешип чечишибиз керек. Балык уулоо, мал сугаруу жана башка ушул сыяктуу көптөгөн биргелешип чече турган маселелер бар. Ошол үчүн 1960-жылдан бери Өзбекстан башкарып келген Кемпир-Абад суу сактагычына кыргыз тарап дагы башкарууга кирди. Анан кантип Кемпир-Абад кетип калды деп кыйкырып чыгышат? Бул абсурд. Мурда Кемпир-Абадды чогуу башкармак түгүл бир километр жакын жолой албайт элек го?! Чынбы туугандар? Чындыкты чын деп эле айталы да. Так что мындан ары Кемпир-Абадчылар деген теманы унуталычы!”,- деди ал.