7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арча-Бешиктеги 92,5 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

979

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жалпы баасы 92 млн 509 миң 500 сомду түзгөн 0.54 га жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын “Арча-Бешик” жаңы конушундагы Тыналиев жана Бакаев көчөлөрүнүн арасындагы, А.Масалиев көчөсүнүн түштүк тарабынан орун алган (түштүк магистраль) жер тилкелер мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Алсак, Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жыл ичинде жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен “кызыл сызыктардан” тышкары турган жана калктуу конуштардын жалпы пайдалануусундагы жерлерди 10 тилкеге бөлүп, турак үй куруу үчүн жеке жактарга берип салышкан.

Жогорудагы жер тилкелерге берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу үчүн прокуратура тарабынан сотко тийиштүү доо арыздар киргизилип, кароонун жыйынтыгы менен алар толук канааттандырылган.

Ошондой эле, Бишкек шаардык мэриясына прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, баасы 92 509 500 сомду түзгөн 0.54 га кыймылсыз мүлк мамлекеттин балансына кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

980