7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Артем Новиков: Экономикалык реформалар жаңы кадамдарды талап кылат

192

Экономикалык реформалар боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча топтордун сапаттуу жана ыкчам ишин камсыздоо зарыл. Бул туурасында Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Өкмөткө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

Артем Новиков белгилегендей, экономикалык реформалар жаңы кадамдарды талап кылат.

«Эски принциптер боюнча иш алып баруу – бул алга жылуусуз, бир орунда туруу. Жумушчу топтор аркылуу иштелип чыккан концепциялар Кеңеш тарабынан бекитилген соң ырааттуу ишке ашырылышы керек, бул өз кезегинде экономикада жана социалдык тармактагы натыйжаларга жетишүүгө алып келет», — деди Артем Новиков.

Кеңештин үчүнчү жыйынынын жүрүшүндө Курулуш тармагындагы ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча концепциянын долбоору, Жергиликтүү деңгээлде бизнести колдоого алуунун дем берүүчү механизмдерин түзүү жана тийиштүү инфраструктураны өнүктүрүү боюнча концепциянын долбоору, Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жерлерди трансформациялоо процедураларын жөнөкөйлөтүү жана кыскартуу боюнча концепциянын долбоору жана Электр энергиясынын ачык рыногун түзүү боюнча концепциянын иштелип чыккан долбоорлору каралды.

Талкуу жыйынтыгы боюнча, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Курулуш тармагындагы ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча концепциянын долбоору жана Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү үчүн жерлерди трансформациялоо процедураларын жөнөкөйлөтүү жана кыскартуу боюнча концепциянын долбоору жактырылды.

Мындан тышкары, талкуу жыйынтыгын эске алуу менен, калган концепция долбоорлорун 2021-жылдын 12-январында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кезектеги жыйынында кароо үчүн толуктап иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Артем Новиков Экономикалык реформалар боюнча кеңештин мүчөлөрүнө жана кеңешменин катышуучуларынын аткарган ишине ыраазычылык билдирип, Кеңеш мындан ары карай да туруктуу өнүгүү маселелерин ар тараптан талкуулоо, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү стратегиялык чнчимдерди кабыл алуу үчүн натыйжалуу жана ачык аянтча катары ишин улантаарына ишеним билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

193