7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Артем Новиков иш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат

442

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 2020-жылдын 7-9-декабрында Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Артем Новиков иш сапардын алкагында өндүрүш объектилеринин иши менен таанышып, Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышат жана Кадамжай шаарындагы оорукананын курулуш ишинин жүрүшүн көрөт.

«Ошондой эле жумушчу сапардын алкагында  ушул жылдын 8-декабрында Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарында өтө турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарынын акимдеринин жыйынына катышат. Иш сапардын соңунда Артем Новиков «Иркештам» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

443