7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Артем Новиков өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча кеңешме өткөрдү

143

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен жаңы жыл майрамы учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 30-декабрында укук коргоо органдары күчөтүлгөн кызмат өтөө режимине өткөрүлөт, анын катарында маанилүү стратегиялык объектилерди жана мамлекеттик чек араларды кайтаруу күчөтүлмөкчү.

Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, Жаңы жыл алдындагы массалык майрамдоо жайларын көзөмөлдөөнү активдештирүү жана өрт коопсуздугу жана пиротехниканы пайдалануу эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү зарыл.

«Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кызмат өтөө учурунда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактыларына жол берилбешине өзгөчө көңүл буруу керек. Алар кызматын так, сыпайы аткарып, ар кандай чагымчылдыкка алдырбоолору зарыл», — деди Артем Новиков.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

144