«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын лидери шайлоонун жыйынтыгы тууралуу билдирүү кылды.
«Баарыңыздарга белгилүү болгондой шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Биз үгүт иштери жүрүп жатканда айканбыз, шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун, биздин «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы тааныйт. Анкени, биз элдин добушуна, элдин үнүнө каршы чыкпайбыз. Шайлоо таза өттү деп айта аламын. Биз элдин тандоосуна каршы чыкпайбыз»,-деди Айбек Маткеримов.