7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Руслан Царёв алгачкы атаандашын жеңип алды (ВИДЕО)

921

Бүгүн, 7-октябрда Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталды.

Бешинчи күндүк мелдештер күрөштүн грек-рим түрү боюнча уланды. Анда Дүйнө чемпиондугуна 72 килограмм салмакта катышкан Руслан Царёв украиналык Максим Евтушенко аттуу балбан менен кез келди.

Биринчи бөлүктө Руслан Царёв күрөш көргөзгөнү үчүн 1 упай алып, калыс партер коюп берди. Бирок кыргыз балбаны аны аткара алган жок. Экинчи бөлүктө атаандаш активдүү болгону үчүн калыс 1 упай берип, партер койду. Аны украиналык балбан аткара алган жок. Андан кийин калыс дароо атаандашты партерге койду. Аны кыргыз балбаны ийгиликтүү аткарып, 2 упай алды.

Жыйынтыгында жалпы эсеп 3:1 болуп, Руслан Царёв 1/8 финалга чыкты. Финалда ал түркиялык Женгиз Арслан аттуу балбан менен кез келет.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

922