7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
20°C

Жигитин өлтүрүүгө буюртма берген окуя. Кримтөбөл Карышкыр 14 жылга кесилди

656

Карышкыр каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Мурсалым Умырзаков катышкан адам өлтүрүү кылмыш иши боюнча өкүм чыгып, ал 14 жылга эркинен ажыратылды. Тиешелүү өкүм Аламүдүн райондук соту чыгарганын Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Кримтөбөл Кылмыш-жаза кодексинин 261 («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу»), 165 («Адам уурдоо»), 208 («Опузалап талап кылуу») жана 122инчи («Адам өлтүрүү») беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Соттун өкүмү менен анын мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтүн катаал режимдеги түзөтүү колониясында өтөй турган болду. Аталган кылмышка катышкан шериктери К.В.М. менен С.у.С. 13 жылга кесилип, мал-мүлкү конфискацияланган. Ал эми А.Г.Ж. тогуз, А.М.Т. сегиз жылга эркинен ажыратылса, А.А.С. үч жарым жыл пробациялык көзөмөлдө болот.

Эскерте кетсек, окуянын чоо-жайы мындай башталган. 29 жаштагы К.Д. абакта отуруп телефон аркылуу 51 жаштагы А.Г. аттуу аял менен таанышып, тынбай сүйлөшүп жатып ортолорунда жылуу мамиле пайда болот. К.Д. мурда дагы соттолгону белгиленди. Ал абактан чыккандан кийин аял менен бир үйдө жашап жүрүшкөн. Арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин экөө урушуп кеткен. Мындан улам аталган аял 21 жаштагы уулунан жардам сурап, К.Д. ага акча карыз экенин айткан. Бирок эне-бала анын бандиттерче жүргөнүн, жанында дайым бычагы болорун билгендиктен уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин бири Карышкырга кайрылышкан. Тергөөнүн маалыматы боюнча, аял мурда чогуу жашаган жигитин өлтүрүүгө буюртма берген. 24-апрелде түнкү саат 23:30дар чамасында Бишкектеги көчөлөрдүн биринен ал жигитти унаага салып кетишкен. Андан соң аны катуу сабап, Аламүдүн районунун Арашан айылындагы көрүстөнгө ыргытып жиберишкен. К.Д. алган жараатынан ошол жерде көз жумган. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

657