7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аялдардын арасында бейбаштык, эркектер арасында уурулук көп кездешет

604

Мыйзам бузган аялдардын арасында бейбаштык, эркектер арасында уурулук эң көп кездешет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы беш жыл ичинде аялдар арасында да, эркектер арасында да кылмыштардын жана жоруктардын эң көп саны 2020-жылы болгон, бул негизинен 2020-жылы COVID-19 пандемиясынын учурунда чектөөлөрдүн киргизилиши менен шартталган.

Кылмыштарды жана жоруктарды жасагандардын жалпы санынын 17 пайыздан ашыгы аялдарга жана 83 пайызга жакыны эркектерге туура келди.

2020-жылы кылмыштардын жана жоруктардын эң көп саны 29 жаш жана андан улуу курактагы топтогу адамдар тарабынан жасалган, бул жалпы кылмыш жана жорук жасап кармалгандардын үлүшүнө 68 пайыздан ашык туура келет, андан кийинки 18-24 жаштагылар — 15 пайыздан ашыгы, 25-28 жаштагылардын үлүшүнө 12 пайыздан ашыгы туура келди, ал эми 14-17 жаш курактагы топтун үлүшүнө 4 пайыздан ашыгы кылмыш жана жорук жасагандар түздү.

Кылмыштуулуктун эң көп таркалышы аялдар арасында бейбаштык (мыйзам бузган аялдардын жалпы санынын 26 пайызы), уурулук (20 пайыз) жана алдамчылык (13 пайызга жакыны) болуп саналат. Эркектерди алсак, алар уурулук (мыйзам бузган эркектердин жалпы санынын 23 пайызга жакыны) жана бейбаштык (16 пайыз) менен көбүрөөк кылмыш кылышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

605