Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндөгү Биринчи май айылынын 41 жаштагы тургуну Шаболот (аты өзгөртүлдү) 35 жаштагы аялы Айканы (аты өзгөртүлдү) 8 баласы менен таштап, ойнош күтүп, ажыраша элек жатып үйүнө киргизип алган. Бул окуяга айыл тургундары нааразычылыгын билдиришип, ал тургай күбө катары өтүүгө даяр экендиктерин билдиришүүдө.

Айка менен Шаболоттун ортосунда 8 бала бар. Алар 16 жыл чогуу жашашкан. Ойношун үйунө киргизип алган соң колуна 7 айлык баласы менен жети баласын ээрчитип алып үйүнөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Учурда өз ата-энесинин үйүндө баш калкалоодо.
аттуу тургунун жолдошу 16 жыл чогуу жашашкан. 6 баласы колунда 7 айлык бала, 6 жаштагы оорукчан баласы менен ата-энесинин колунда жашайт.

Айканын айтымында, күйөөсү мындан 12 жыл мурда эле көзүнө чөп салып, ал аз келгенсип үйүнө келип аялына зордук-зомбулук көрсөтүп жүргөн.
“Мени ала-качып алып кетишкен. Башында жакшы эле жашап жүрдүк. 4 жылдан бери жолдошум ойнош күтүп алгандыктан, экөөбүздүн ортобуздагы чыр-чатак көбөйүп, күнүгө уруш-талаш болуп, күнүгө мага колу тийип баштады. Ичимдик ичип келген сайын ур- токмокко алчу. Акыркы жолу, болжолу жаз айларында дос баласынын үйүнө шеринеге барып, үйгө келе жатып кырсыкка кабылдык. Саат түнкү 1:00 чамалары болсо керек. Дос балдары бизди чыгарып, үйгө алып келишти. Алар менен таң атканча ичимдик ичип отурушту. Ошол учурда түнкү саат 3:00дө жолдошума Чолпон аттуу кыз чалды. Андан соң алар дагы ичимдик ичкенин улантып отурушту. Кайра эртең менен саат 9:00 чамасында жолдошума баягы кыз дагы чалды. Ошондо жолдошум мени “сен жана кырсыкка кабылганда эле өлүп калсаң болмок” деп сабап баштады», — дейт ал.
Ал арада кызы тагдырдын оор сыноосуна кептелип, жүрөгү зыркыраса кошо жанчылган апасы да күйө баласы тууралуу өз пикирин билдирди.
«Күйө балам менен кошуна турабыз. Мурун жакшы эле жашап жүрүшчү. Биз деле билчү эмеспиз, көрсө күйө балам 12 жыл мурун эле ойнош күтүп алыптыр. Аны бизге кызым айтпайт, ойнош күтүп алгандан кийин кызыма кордук көрсөтүп, сабап, мойнуна бычак такап, коркутуптур, бирок аны бизге айткан эмес. Биз айылдык сот териштиргенде гана кызым ошолордун баарын айтып бергенде билдик. Азыркы учурда күйө балам менен соттошуп жатабыз. Ал балдарына эч кандай эч нерсе бербей жатат. Кудайга шүгүр малы бар, ажыраша элек туруп ойношун үйүнө киргизип алган. Аны дагы аял кылдым деп айтпай «сиделка» кылып алып алдым деп калп айтып жатат. РОВДга барсак ал жака да ошондой көрсөтмө бериптир, декабарга чейин «сиделка» кылып алгам деп», — деди Айканын апасы.
Кичинекей айылда чөптүн башы кыймылдаса жалпы элге маалым болот эмеспи. Бул үй-бүлөнүн окуясы бат эле элге дуу болуп, айрымдары Шаболотту жээрип, 8 баланын убалы кимге деп нааразычылыктарын билдиришүүдө.
1-айылдашы: «Мына келинчек алып алды, баарыбыз күбөбүз келинчеги менен жашап жатат. 4 ай, 5 ай болуп калды ал менен жашаганына . Айканы (аты өзгөртүлдү) 8 баласы менен кетирип жиберди. Калыстык болсо үй алып бериш керек, 8 бала деген бул күчүк эмес да, бала деген оюнчук эмес. Эми ошону калыстык кылаар деп күтүп жатабыз. Биз күбө катары өтөбүз», — деген пикирин билдирди.
2-айылдашы: «8 бала менен кетириши кыйын болду бизге деле. 8 баланын көз карашы, балдардын көз эмгеги кимге?! Анан бул өзү сүйлөшүп башка келинчек алып алды».
3-айылдашы: Калыстык айтканда чындыгында биздин көргөнүбуз чын. Бул жерде экөөнүн жашаганы жакшы эле болчу. Мындай болуп кетет деп ойлогон эмеспиз. Турмуш ар кандай кылат экен. Эми Айканы деле биз жаман деп айта албайбыз. Экөө дакшы эле жашашкан, анан аягы ушуга айланып кетип жатпайбы. Бизди өкүндүргөнү балдардын калып калышы. 8 баланын убалы. Менин айтарым ушу, биригишсе болмок, эми айла жок экен да».
Бул арада кошуналары да четте карап тура алышкан жок. Алардын айтымдарында Айка үй десе үй, мал десе мал оокаттарына тың, жакшы келин болчу.
1-кошунасы: «Айка жакшы келин, анын жаман жагын деле көргөн эмеспиз. Шааболоттун (аты өзгөртүлдү) деле башка келинчек алып 8 баласы менен таштап кеткени туура эмес».
2-кошунасы: «Мындай тың эле, мал десе малында, үй десе үйүндө жүргөн тың келин болчу. Экинчи кыз эпилепсия менен ооруп жүрөт, өздөрү деле билет. Андан кийинки бешинчи баласы да ооруп баспайт. Эми аны өздөрү билет да. 8 баласы менен ажырашканын айыл эли деле каалабайт элек».
Тыйындын эки тарабы болгондой эле ар ким өз чындыгы менен алпурушкан учур. Шаболоттун ата-энеси да четте карап турушкан жок. Алар да өз чындыктарын айтып алууга үлгүрүштү.
Кайын энеси: «Мен барбайм, мен Фатиманы карап туруп бара албайм айланайын. Мына ырайымыбыз могу. Мен да ушинтип отурам. Балдарды ойлогондо тим эле ичим өрттөнөт. Мен айттым балдар чоңоюп калды, машинага салып эле алып кетейин десем апам жибербей койду дешип эле калып калышты», — деди.
Ал эми 8 баласы бар кишинин этегин кармап, экинчи аял болуп үстүнө кирип алган Чолпон чыгармачыл топтун «8 баланын убалынан коркпойсуңбу?» деген суроосуна, «Эми аны өздөрү билет да», — деп жооп берген.
Пикирдин эки ача учу эч эле бирикпегендей. Бир тарап өз нааразычылыгына экинчи тараптын пикирин ырастабайт. Бул үй-бүлөнүн улуу баласынын жубайы Шаакан (аты өзгөртүлдү) абысыны Айка тууралуу айтып берди.
Шаакан: «Айка өзү айтып берсин, бирок ал өзү үйдөн чыгып кетти. Кой десек болгон жок, 8 баланы жетим кыласың десек болбой алып чыгып кетти. Мен 3 күн жанында жүрдүм, энеси каршы чыгып койду а атасы баргын деди. А Шаболоттун кол көтөргөнү чындык эмес. Андай уруш ар бир үйдө болот. Болчу уруштары, болбой койчу эмес, бирок кол көтөргөнүн көргөн жокмун», — деп Айканын зомбулук тууралуу айткан сөзүн четке какты.
Буга чейин Айка жолдошу ур-токмокко алып, ооруканага башка шылтоо менен жатып чыкканын айткан эле.
«Мени жанчып сабап салгандыгына байланыштуу мен больницага жаттым. Аны да балдарымды аяп аттан жыгылдым деген шылтоо менен жаткам. Балдарды аядым, аны да аядым. Мени улуу агасы жана анын жубайы абысыным Шаакан алып барган ооруканага»…
Шаакан: «Каяктагы больницага барып жатыптыр ал. Больницага барып жатканын көргөн жокмун. Айылдык сотко бардык, Айка сүйлөп баштаганда эле атасы, байкеси басып алып эле сабап башташты, астында калып башы ооруп больницага барды. Аны биз кимге далилдеп беребиз мисалы. Бул байкеси турат мына, келип ажыраштырып араң алып калдык.
Шаакан абысынынын айткандарын чындыкка жакындаштыралы десек, анын күйөсү жаңжалга баштан-аяк күбө болуп келген Айканын улуу кайын агасы (Шаболоттун улуу байкеси) инисине эч кандай ур-токмок болбогонун баса белгиледи.
«Сабаганы жалган. Болду анча-мынча, бирок мушташ болгон жок. Ажыратып калдык, сабаган жок эч кандай. Айбек экөө кармаша кетишти. Эч нерсе болгон жок, бир жери канаган жок, кийими тытылган жок, аны баарыбыз тең эле көрүп турдук. Сабаган деген ал бөлөк болот, баса калып тепкилегенде гана сабаган болот. Эми мындай эки кишинин ортосунда болот да, жанагындай чатак болуп жатса, кызын жанагынтип жатса анан ар биш кишинин ызаасы келет, жини келет да», — деп калыс пикирин ортого салды.
Аялын 8 баласы менен таштап, ал аз келгенсип үстүнө ойношун киргизип алган Шаболот балдарына эч кандай мүлк бөлүп берген эмес. Ошондой эле оорукчан балдарына, окууларына, кийим-кечелерине жардам көрсөтпөй, малдарынын баарын атасына каттатып алимент төлөө жоопкерчилигинен качып жүрөт.
«Азыркы учурда элүүдөй жылкысы бар, төрт жүздөй койу бар, 20дан ашык уй, 40тан ашык эчкиси бар. Эми ошол малдарды кайын атамдын наамына жаздырып, менде эч нерсе жок деп алимент төлөөдөн качып жатат», — дейт Айка.
Аймактын мамлекеттик каттоо кызматы бул үй-бүлө тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан жок. Алардын айтымында, чындыгында эле Шаболоттун болгон мал-мүлкү атасына катталган. Ал эми жубайы менен 8 баласына эч кандай энчи бөлүнгөн эмес. Бирок, көп балалуу эне катары акча чегерип берүүдө тактама Шаболоттун ысымы менен берилип келет. Себеби, бардык мал, мүлк, техника Касымбек аксакалдын наамында жазылган.
Бул чырдын жибин сот кайсы тарапка ылайык чечип берет аны убакыт көрсөтөт. Кандай болгон күндө да калыстык жана адилеттүүлүк болот деген ишенимдебиз.