7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азада Бегимкулова: «Таалайсыз махабаттан өксүбөгүн,Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин»

8634

Акын, жазуучу. 1950-жылы 10-ноябрда жарык дүйнөгө келген. 1974-жылы Бишкек кооперативдик техникумун, андан соң Самарканд кооперативдик институтун бүтүргөн. 80-жылдары Ош облусунун Кара-Суу районунда пахта талаасында иштеген комсомол кыздардын бригадасын жетектеген. Кийин Ош облустук китепкөйлөр коомунун төрайымы, Кыргызстан жазуучулар бирлигинин Жалал-Абад облустук кыргыз тил коомунун жетектөөчү адиси болуп иштеген. 1996-жылы 46 жашында дүйнө салган.

Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин
Толгонуп толкундаба, сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Таалайсыз махабаттан өксүнбөгүн,
Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин.

Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Базардан кайтып калган кезим менин.
Бааласын-баалабасын башка бирөө,
Баркымды билгендердин эсиндемин.

Кайгырып, капаланба, сезимдерим,
Карайлап жүдөп турган кезим менин.
Кааласын-каалабасын башка бирөө,
Кадырым билгендердин эсиндемин.

Чыркырап, боздой бербе, сезимдерим,
Санаага түшүп анча эзилбегин.
Сан миң эл кайратымды ширеп турат,
Сырымды билгендердин эсиндемин.

Сан миң эл кайратымды ширеп турат,
Чыныгы күйөрмандын эсиндемин!

Эмне кымбат?

Мен үчүн уйку деле кымбат эмес,
Түбөлүк уктап жатчу күн да келет,
Мен үчүн дүйнө деле кымбат эмес,
Бир тал ширеңкеден күйүп кетет.

Мен үчүн кызмат деле кымбат эмес,
Жашыраак бирөө келсе алып кетет.
Менин үчүн уулум деле кымбат эмес,
Үйлөнсө аял сөзүн сүйлөп кетет.

Мен үчүн кызым деле кымбат эмес,
Чоңоюп бойго жетсе бөлөк жерди жердеп кетет.
Мен үчүн өмүр деле кымбат эмес,
Күн өтүп ажал келсе алып кетет.

Мен үчүн негизинен көңүл кымбат,
Кичинекей суук сөзгө үшүп кетет.

Мендеги суроо

Куса болсом кубантып сүйөөрүм ким,
Кайгырсам көңүл улап күйөөрүм ким?
Жыгылсам капысынан жаза басып,
Жылмайып мыйыгынан күлөөрүм ким?

Өйдөгө умтулганда өбөгүм ким,
Жакын деп боор тартсам бөлөгүм ким?
Чарчасам бул жашоонун сокмогунда,
Чарпылып дарман болоор жөлөгүм ким?

Алсырасам арка болчу тирегим ким,
Асырап аздектөөчү түнөгүм ким?
Айыпка жыгып турса көрө албаган,
Арача түшүп берчү зирегим ким?

Досумду душманымды иргээрим ким,
Күлгөндө ыйлаганым билгеним ким?
Ишенсем адамдарга дилимди ачып,
Оорутуп жүрөгүмдү кирдээрим ким?

Баалап, баркым билип байкаган ким,
Тазалыгым ылай сууга чайкаган ким?
Оюмдун тизмектери күндөн – күнгө,
Суроо болуп ийилет бир эмес миң.

Кайра жаңыруу
Бир сезим өзүңдөгү, өзүмдөгү,
Жалганбы сүйүү болуп сезилгени?
Жалбарбай намысты туу туткандыгым,
Жанымды жай алдырбай эзүүдөбү?

Баш кошпой бир өзүңдөй асыл жарга,
Бушайман болдум канча таппай айла.
Бурулбай анан сапар улап кеттим,
Башканы жолдош кылып тагдырыма.

Элесиң бирге болуп дайым жанда,
Эчкирип ыйлап коюп анда-санда.
Кербенин жалгыздыктын тартып калдым,
Көңүлүм ийибестен бөлөк жарга.

Кезиктик капилеттен кай бир күнү,
Жаңырды өткөн күндүн жаштык үнү.
Жан дүйнөм жаштыгыма сүңүп кетип,
Арналды бир өзүңө кумар түнү.

Бирок да өмүрлүк жар боло албадым,
Жагынып көңүлүңө толо албадым.
А балким ачылышты менден күттүң,
Намысты тепсеп кадам коё албадым.

Үйүңүзгө болом шам

Өткөнүмдү эске салбастан,
Өктөм сүйлөп өчүн албастан.
Өксүтпөстөн ардактасаңыз,
Өлгүчөктү сизге болом шам.

Кыйкым таппай баскан-тургандан,
Кызганбастан достон, душмандан.
Кечиримдүү болуп койсоңуз,
Кыяматтык болом сизге шам.

Кыялыма кишен салбастан,
Көңүлдөргө шекти албастан.
Кең пейилдүү, кенен болсоңуз,
Күн бүткүчө сизге болом шам.

Үмүтүмдү сизге арнасам,
Үйүр тартып сизге жандасам.
Үшкүрбөңүз ушак кептерге,
Үйүңүзгө болом жанган шам

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

8635