Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Юсупов буга чейин директордун орун басары болуп эмгектенип келген. Ал эми комиссиянын 2021-жылдан берки директору Тойгонбай Абдыкаров 6-сентябрда өз арызы менен иштен кеткен.