7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азербайжан Кыргызстанга акысыз негизде 10 өрт өчүрүүчү унаа берди

328

22-мартта Баку шаарында Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов Азербайжан тарабынан кайтарымсыз негизде берилген 10 даана атайын өрт техникасын өткөрүп берүү аземине катышты.

Элчи Мамытканов Азербайжан тарапка өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берген техникалык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Азербайжандын Өрт кызматынын өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюудагы жана заманбап технологияларды колдонуудагы олуттуу тажрыйбасын эске алуу менен, ал КРнын ӨКМнин өрт коопсуздугу жаатындагы адистерин даярдоо жана кайра даярдоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирди.

Бул кадам Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана анын оперативдүү потенциалын жогорулатууга багытталган.

329