Мыйзамдагы ууру Камчы Асанбек (Көлбаев) жана криминалдык элемент Азим Рой тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, адалдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Тактап айтканда, Камчы Асанбек менен Азим Рой “L.А.” жана «R» ЖЧКсын негиздеп, Бишкек шаарынан жер тилке каттатып, ага кеңселери жана кампалары бар коммерциялык имарат курушкан. Ошол эле учурда Камчы Асанбек жана Азим Рой өздөрүнүн иш жүзүндөгү ээликтерин жашыруу максатында аталган ишканалардын акцияларын жакын туугандарынын атына, анын ичинде Азим Ройдун жубайы – Н.З.Х.га катташкан.
Мындан тышкары, сатып алуу булактарынын мыйзамдуулугун берүү үчүн уюштуруу курамына чет өлкөлүк инвестор деген ат менен Азим Ройдун аффилирленген адамы, Литва Республикасынын жараны К.Г. киргизилген.
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө башка уюштуруучулар аталган кыймылсыз мүлк Азим Рой менен Камчы Асанбекке таандык экендигин тастыкташты.
20-мартта кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, адалдоо фактысы боюнча Азим Ройдун жубайы Н.З.Х.га (сыртынан) айып тагылып издөөгө алынды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.