7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия чемпионатында Айпери Медет кызы финалга чыкты

440

Бишкекте спорттук күрөш боюнча “Азия чемпионаты-2024” уланууда.

Бүгүн, 13-апрель күнү кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча старт алды. Анда 5 медаль топтому ойнотулуп, Кыргызстандын атынан 4 балбан кыз күч сынашты.

Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмак ченинде 1/4 финалдан баштап, анда индиялык Прия Прия аттуу спортчуну 3:1 эсебинде жеңди. Жарым финалда казакстандык Эльмира Сыздыкованы 5:1 эсебинде артта калтырып финалга чыкты. Ал эми чечүүчү финалдык беттеште кытайлык спортчу менен күч сынашат.

Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

441