Бүгүн, 26-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу, саат 9:00дөн 20:00гө чейин Ала-Тоо 1, Ала-Тоо 2 жаңы конуштарында турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайга ичүүчү суу берүү токтотулат.