7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиянын сууга түшүүчү эң кооз 10 жери (ФОТО)

716

Географиялык жактан Кара деңиз, Жер Ортолук, Эгей жана Мармара деңиздеринин бойлой жайгашкан Түркияда сууга түшүүчү кооз жайлар да көп. Деңиз соода жолдорунун кесилишинде орун алган бул өлкөгө жыл сайын миңдеген суучулдар келет. Бул аймактын абасы таза, климаты жумшак, сервистери сапаттуу, баалары да анча кымбат эмес. Сууга сүзүүдөн рахат алуучулар бир келип, дене сергитип, чер жазып кетсеңиз эч бир арманда калбайсыз. Биз болсо сиздерге Түркиянын сууга түшүүчү эң кооз 10 жерин кыска-нуска тизмектеп, шарттарын да түшүндүрүп, баяндап бермекчибиз.

УЧАНБАЛЫК, КАШ-АНТАЛЬЯ

Каш тунук суулары, тазалыгы менен дүйнөдөгү эң мыкты он сууга түшүүчү жайдын бирине кирет. Түрк Ривьерасынын чок ортосунда жайгашкан бул аймакта сууга түшүүчү 21 пункт бар. Кашта дегенде эле Учанбалык сууга чөмүлүүчү жай эске келет. Чабак уруу боюнча балыкты артта калтырып жүргөн болсоңуз анда Учанбалыктын сууларын да бир сынап, өйдө-ылдый шарттарын байкаштыра кетиңиз.

Учанбалыктын тереңдиги 55 метрден 71 метрге чейин жетет. Бул жерге Экинчи дүйнөлүк согушта Италиянын Savoia-Marchetti SM79 үлгүсүндөгү бомбалоочу учагы чөгүп кеткен. Кыйраган учактын калдыктарын азыр да деңиз жээктеринен көрсөңүз болот.

АКВАРИУМ БУЛУҢУ, ФЕТХИЕ-МУГЛА

Фетхиедеги Аквариум булуңу Түркиядагы эң мыкты сууга түшүү жайларынын бири болуп саналат. Жергиликтүү калк Аквариумду суу бейиши деп атап келишет. Аквариум булуңу деңиз жандыктары менен кызык. Эгер сиз да бул булуңга эс алганы келип калсаңыз деңиз жаныбаларынын миңдеген түрүн көрөсүз.

ЧОҢ ЖАНА КИЧИ РИФТЕР, БОДРУМ-МУГЛА

Бодрум жарым аралы сизди балык, осьминог, балыр, чычырканак жана деңиз губкаларына толгон тунук сууларда сүзүүгө чакырат. Бодрумдун эң популярдуу эки секирүү жери бул — Чоң жана Кичи рифтер. Чоң жана Кичи рифтердин тереңдиги 30 метр. Сууга түшүү пункттары болсо 20дан ашат. Диаметрлерине жараша аталган бул рифтер Бодрум портунун чыга беришинде жайгашкан.

КАРАКЧЫЛАР ЖАНА СҮЙҮШКӨНДӨР ҮҢКҮРҮ, АНТАЛИЯ

Күн сайын туристтик жай катары атагы чыгын келе жаткан Анталиянын Алания шаарында, табышмактуу эки ири суу үңкүрү бар. Каракчы үңкүрүнүн тереңдиги 25 метрди түзөт. Үңкүрдүн түзүлүшү ачык жана кең болгондуктан проффесионал, үйрөнчүк суучулдар үчүн да ыңгайлуу.
Үңкүрдөн түнкүсүн жер бетине чыгып, кол чырактар менен жарганаттарды байкоого да болот.

Каракчылар үңкүрү сыяктуу эле, Алания портунан 15 мүнөт алыс Сүйүшкөндөр үңкүрү да бар. Сүйүшкөндөр үңкүрү да бардык деңгээлдеги суучулдар үчүн ылайыктуу жер. Тереңдиги 21 метрден ашка бул үңкүрдө байыркы кеменин анкери да бар.

ДАНА АРАЛЫ (ДАНА АРАЛЫ), МЕРСИН


Мерсин байыркы урандылар менен кооз тарыхый жер. Бул байыркы булуңда сууга түшүүчү кооз жерлер да көп. Хетиттер, ассириялыктар, перстер, гректер, римдиктер, армяндар, селжуктар жана османдордун тарыхын, байыркы жашоосун Мерсиндин суу астынан көрө аласыз. Деңиз тереңдиктеринен тарыхты үйрөнөм десеңиз анда сөзсүз Мерсинге келиңиз. Рим доорунда Питюсса деп аталган көз карандысыз шаар болгон. Бул калаадан 2018-жылы үч миң жылдык кеме куруучу завод жана байыркы шаардын урандылары табылган.

 

КАДЫРГА БУЛУҢУ (КАДЫРГА БУЛУҢУ), МАРМАРИС

Мармаристин эң популярдуу сууга түшүү борбору бул-Кадырга булуңу. Кадырганын тереңдиги 40 метр. Сууга 15 метр түшсөңүз мурен жана амфора менен курчалган эллиндик кеменин калдыктарын көрөсүз.

ФЕНЕР АРАЛЫ (ФЕНЕР АРАЛЫ), ЧЕШМЕ-ИЗМИР

Түрдүү деңиз жандыктары менен туристтердин көңүлүн бурган Фенер аралы Измирдин эң популярдуу эс алуу жайларынын бири болуп саналат. Ошондой эле Измирдин суу асты жашоосу да өзүнчө бир кызык. Аралда деңиз губкалары, кораллдар, сарго жана брусчалар жашайт. Эң бактылуу суучулдар аралдын эски үңкүрүндө тюлендерге жолугуп калышы мүмкүн.

ГАЛЛИПОЛИ СУУ АСТЫ ПАРКЫ, ЧАНАККАЛЕ

Эгей жана Мармара деңиздеринин кесилишкен жеринде жайгашкан Галлиполи (Галлиполи) жарым аралы зыяратчылар үчүн суу астында калган тарыхты көрүүгө, үйрөнүүгө, билүүгө мүмкүнчүлүк жаратат. Бул көгүлтүр деңиздердин тереңинде 216 кеменин калдыктары жатат. Биринчи дүйнөлүк согуштун эң драмалык фронтторунун бири болгон Дарданел жортуулу дал ушул жерде болгон. Жогоруда айтылган кемелер да дал ошол кыргында кыйрап, деңизге чөгүп кеткен.

Түркия бул аймактын суу асты маданий мурастарын сактап, келечекке муунга өткөрүп берүү үчүн Гелиболу тарыхый суу асты паркын ачты. Бул паркта бүгүнкү күндө сууга түшүүчү 14 пункт бар. Суу астына 18 метр түшсөңүз 1915-жылдарда авиациялык минадан улам кыйраган Лунди, HMS Majestic жана Captain Frangos кемелеринин калдыктарын көрөсүз.

ХЕЙБЕЛИ АРАЛЫ, КАЛКАН-АНТАЛИЯ

Калкан портунан 45 мүнөт алыстыкта ​​жайгашкан Хейбели аралы суучулдарга таштак аймагы менен кызык. Хейбелинин эң тереңдиги 24 метрге чейин жетет. Аралдын түштүк бөлүгүндө дентекс (Dentex dentex) мектептерин жана чыгыш аймагында камыштардын жана таштардын арасында жашынган чоң топторду(Epinephelus aeneus) көрө аласыз.

КӨК ҮҢКҮР, КЕКОВА-АНТАЛИЯ

Туннелдерден түшкөн жарык, жаркыраган көк түстөрдөн улам Көк үңкүр деп аталып калган бул жер суучулдар үчүн эң ыңгайлуу локация болуп саналат.

Кекованын тунук сууларында, канал жана аралчалар, ички жана тышкы галереялары менен Көк үңкүр жайгашкан. Эки галереяда тең жаркыраган кораллдар жана түстүү сезондук креветкалар суунун тереңдигинде түрдүү кооздуктарды жаратышат.

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

717