7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча координациялык комитеттин жыйыны өттү

392

2-июлда «Парк Отель Бишкек» мейманканасында Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын башчысы милициянын полковниги Уланбек Султановдун төрагалыгы алдында Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик координациялык комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга комитеттин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана эл аралык донорлордун өкүлдөрү катышты.

Жыйында төмөнкү иш-кагаздардын аткарылышы каралды:

— Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы N 445 токтому менен бекитилген Министрлер Кабинетинин баңгизатка каршы программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы;
— Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 31-январындагы № 1842-VII «Жаштар арасында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому;
— УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин 23-апрелиндеги протоколдук тапшырмасы.

Мамлекеттик контролдоо комитетинин мүчөлөрү жогоруда көрсөтүлгөн документтердин аткарылышын талкуулап, алгылыктуу жыйынтыктарды чыгаруу, коюлган милдеттерди чечүүдө кетирилген кемчиликтерди аныкташты жана тийиштүү чечимдерди кабыл алышты.

Ошондой эле мамлекеттик комитеттин мүчөлөрү россиялык «Антинар» автоматташтырылган маалыматтык системасы менен таанышып, аны Кыргызстанда ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүштү. Комитеттин отуруму ЕККУнун техникалык колдоосу менен өттү.

 

393