7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен барат

236

Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу Муратбек Азымбакиев билдирди.

«ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп векторлуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясаттын маселелерин талкуулашат. Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Астана декларациясына кол коюлат. Ошондой эле ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн саясий, экономикалык, энергетикалык жана башка чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө багытталган макулдашууларга жана документтерге кол коюу пландаштырылууда. Соода-экономикалык мамилелерди жана туризмди өнүктүрүүдө экологиялык маселелерге, регионалдык жана эл аралык коопсуздукка, санариптик технологияларды андан ары өнүктүрүүгө көп көңүл бурулат. Казакстан тараптын төрагалыгы астында өтө турган Кеңештин ишине ШКУга мүчө-мамлекеттердин — Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Кытай, Пакистан, Индия, ошондой эле Беларустун башчылары катышат, Беларусь бул отурумда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет статусун алуу процедурасынын аякташын күтүүдө. ШКУнун алкагында Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт», — дейт Азымбакиев.

237