7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Masdar» компаниясынын өкүлдөрү менен энергетика тармагындагы кызматташтык маселелери каралды

659

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бириккен Араб Эмиратынан келген «Masdar» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бакыт Төрөбаев өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы туурасында айтып берип, энергиянын жаңылануучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыгын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырды.

Энергиянын жаңылануучу булактары жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү тармагындагы дүйнөлүк лидер катары таанылган «Masdar» компаниясынын өкүлдөрү алгачкы этапта кубаттуулугу 200 мегаватт күн станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызматташууга даярдыгын билдирди.

Жолугушууда келечектеги кызматташуу маселелери талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

660