Ошто наристе денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 6-сентябрында Ош шаарынын Кулатов кичи районунун 2021-жылы туулган тургуну С. А. Ош шаарынын Кулатов кичи районундагы “Карагат” аталыштагы жеке балдар бакчасында денесинен жараат алып, Ош облустар аралык балдар ооруканасына кайрылгандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.
Аталган маалыматтын боюнча текшерүү иштери башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө денесинен жараат алган жаш бала А.С. апасы 1995-жылы туулган Б. кызы А. күбө катары сурак кылган учурда, ал баласы С. А.эки айдан бери жогоруда аталган балдар бакчасанда тарбияланып жаткандыгын жана 5-сентябрь күнү саат болжол менен 17:00 чамасында баласын алып кетүү үчүн барганда, баласынын денесинде көк тактарды байкагандыгын билдирген.
Ал эми балдар бакчанын директору 1993-жылы туулган З. М. окуя боюнча ошол эле күнү саат болжол менен 16:00 чамасында жаш бала С. А.ны орто тайпада окуган Р. А. аттуу кыз уруп койгондугун билдирген.
Андан тышкары окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда окуянын видеотасмасы алынган жана аталган балдар бакчада эмгектенген кызматкерлери күбө катары суралууда.
Учурда, 2021-жылы туулган С. А.га карата соттук- медициналык экспертизалар дайындалып, баардык тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.