Кара-Буура милициясы жансыз денеси табылган 37 жаштагы жарандын өздүгүн аныктоого жардайм сурайт.
Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү Кара-Буура аймактык ооруканасынан билдирүү келип, анда 1985-жылы туулган Тагдыр аттуу жарандын жансыз денеси ооруканага келип түшкөндүгүн билдирген.
Аталган билдирүү Кара-Буура РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Кара-Буура РИИБдин ыкчам-тергөө тобу маркум Тагдыр аттуу жарандын убактылуу жашап жаткан, Кара-Буура районунун Чымгент айылынын түштүк тарабында жайгашкан Кызыл-Өтүк аталышындагы жерде орун алган мал сарайга кароо жүргүзүлдү.
Соттук-медициналык экспертинин катышуусунда өздүгү аныкталбаган жарандын жансыз денесине сырткы кароо жүргүзгөн учурда, анын денесинде эч кандай зордук-зомбулуктун жана кандайдыр бир жаракаттын белгилери жок экендиги аныкталган.
Боюнун узундугу 175 см, азиат улутунда, дене түзүлүшү-орто, болжолу менен 35-42 жаш курагында, чачы кара түстө, сакалы кара түстө, узундугу 1,5 см, тиштери бүтүн абалда, денесинде эч кандай сүрөт, шрам жана жаракаттан калган издер аныкталган эмес.
«Маркум малчы болуп 2019-жылдын күз мезгилининен бери жалданып иштеп жүргөн. «Мен Кудайдын баласымын, ата-энемди тааныбайм, көргөн дагы эмесмин»,- деп жооп берип койчу. Жогорудагы табылган адамдын өздүгүн тактоо максатында тиешелүү органдарга багыттамалар жөнөтүлгөн. Ыкчам издөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат. Сүрөттөгү адамды таанып билгендер болсо аймактык милиция кайрылыңыздар»,-деп берилет маалыматта.