7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балмуздактан 49 жаран ууланып, абалдары орто оор деп бааланууда

3392

Ташкент облусундагы Алмалык шаарында жергиликтүү өндүрүштөгү балмуздак жегенден кийин 49 киши ууланды. Бул маалыматты шаардык акимчилик ырастады.

Расмий маалыматтарга ылайык, Алмалык шаардык жугуштуу оорулар ооруканасына балмуздакка ууланган 36 киши жеткирилди.

15-августта алардын 31нин абалы жакшырып, үйлөрүнө чыгып кетишкен. Бүгүнкү күндө ооруканада дарылануусун улантып жаткан беш бейтаптып абалы канааттандыраарлык деп бааланууда.

Мындан тышкары дагы 13 бейтап Ташкент облусунун Ахангаран шаарындагы ооруканага жаткырылган. Учурда алардын абалы орто оор деп бааланууда.

«Бүгүнкү күнгө карата тиешелүү кызмат адамдарына бул окуя боюнча корутундулар жөнөтүлдү. Азыр эпидемиологиялык иликтөө жүрүүдө», — деп жазылган жергиликтүү акимчиликтин билдирүүсүндө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3393