Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
«Кечээ, 16-сентябрда Кыргызстан Тажикстан менен чектешкен аймактарда курал колдонуу менен катталган чыр-чатакка байланыштуу аймакка тынчтык абалга келтирүү, кагылышуунун очогундагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, эвакуациялоо көчүрүү иштерин жүргүзүү, адам өлүмүнө жеткирбөө жана тийиштүү күчтөрдү мобилизациялоо максатында, Баткен облусунун Жарандык коргонуунун башчысы – Ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режимин киргизди»,-деп берилет маалыматта.