«Жоокер ыры»
Элимдин бейпилдигин,
Намыска бек сактаймын!
Энеке, ак сүтүңдү,
Эл коргоп мен актаймын!
Эр жигит эл четинде,
Азамат жоо бетинде.
Алыста кыргыз элим,
Ар дайым сезимимде.
Эр жигит эл четинде,
Азамат жоо бетинде.
Артымда кыргыз элим,
Ар дайым сезимимде.
Сүйүктүү чек арамды,
Душманга аралатпайм.
Атаке, сөзүм берем,
Жүзүңдү жер каратпайм.
Кыргызым, кутман элим,
Бейиштен бүткөн жерим.
Намысты алдырбайбыз,
Ишенгин, менин элим.
(Автор: Сыймык Бейшекеев)