7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен облусунун башчысы Алимбаев жетекчилерди баштап барып вакцина алды

761

Бүгүн, Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Covid-19 илдетине каршы «Синофарм» вакцинасын кабыл алды. Бул тууралуу облус жетекчисиинин маалымат кызматы билдирди.

Абдикарим Алимбаев  бүгүн  облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине жыйын өткөрүп, Covid-19 илдетине каршы вакцинация алуу боюнча так жана туура маалымат жеткирүүнү тапшырды. Ошону менен бирге мекеме-ишканалардын жетекчилерин облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна баштап барып, илдетке каршы вакцинация алууну өзү баштап берди.

Бүгүнкү күндө Баткен облусуна Covid-19 илдетине каршы эмдөөгө «Синофарм» вакцинасынын 40 миң дозасы келип,облус аймагындагы район шаарларга жеткирилген.Алдыда этап этабы менен илдетке каршы вакцинациянын дозасы алынып келүүсү күтүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

762