7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде ишкерди ири суммага алдаган жаран изделүүдө

591

Баткенде ишкерди алдоо жолу менен ири суммадагы чыгымга учураткан жаран изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен облустук милициясына Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну арыз менен кайрылып, алдамчылык жолу менен ири суммадагы чыгым алып келген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

2022-жылдын сентябрь айында Тажикстан менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда орун алган куралдуу кагылышууда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүүдө Баткен районунун Ак-Сай айылындагы 57 үйдүн курулушу менен Лейлек районунун тургуну 1967-жылы туулган Добурбек Кадыров алектенмей болгон. 2023-жылдын январь, февраль айларында жабырлануучудан мурда товар алып акчасын кайтарып жүргөн мамилесинен пайдаланып, Баткен районундагы темир материалдарын иштетүүчү цехинен 2023-жылы жалпы суммасы 1 295 482 сомдук курулуш материалдарын алып, 26-мартка чейин акчасын алып келип беремин деп алдап, убадалаган убактысына акчасын бербестен, байланышка чыкпай, качып кеткен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмүнүн (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Жогорудагылардын негизинде Добурбек Кадыровдун жүргөн жерин аныктоо жана кармоо максатында Баткен ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө билдирип коюңуздарды суранабыз: 03622 5-01-24, 0555-57-50-70, 0557-78-62-78.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

592