7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде кылым карыта өмүр сүргөн 3 энени куттукташты

709

Баткенде милиция кызматкерлери кылым карыта өмүр сүргөн 3 байбичени куттукташканын ИИМден билдиришти.

Баткен РИИБдин башчысы жана өздүк курамы район аймагындагы улгайган карыяларды 1-октябрь — Улгайгандардын эл аралык күнү менен куттуктады. Рават айылындагы 103 жаштагы Асал Абдиломутова, Кара-Бак айылындагы 104 жаштагы Идаят Мурзабекова жана Самаркандек айылындагы 103 жашталгы Чайпан Муроталиеваны майрамы менен куттуктап, аларга жакшы тилектерин билдирип келишкен.

“Кылымдан ашуун жашаган апаларыбыз өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгеги бийик экенин билип, аларды урматтап, жакшы шарттарды түзүп берүү милдетибиз экендигин унутпашыбыз керек”, — деген РИИБ башчысы аларга акчалай жардам көрсөтүп, шириндиктерди берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710