7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде мыйзамсыз курулган 30 обьект буздурулду

458

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Баткен аймактар аралык бөлүмү тарабынан КР Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы ПЖ №56 Жарлыгынын негизинде Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү.

Кызыл-Кыя шаарында 3 обьект, Үч-Коргон айыл аймагында 27 мыйзамсыз курулган объект аныкталып, андан тышкары 53 обьектиге эскертүү берилди. Аталган фактылар боюнча жалпы 18 материал Кадамжай РИИБге өткөрүлүп берилди. Мыйзамсыз курулган курулуштардын ичинен жалпы 30 объект буздурулуп, учурда кайра калыбына келтирилди.

Эскерте кетсек, жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан ушул жылдын январь айында республика боюнча 31 текшерүү жүрүп, 138 575 сом доо коюлуп, 486 000 сом айып пул салынган.

 

459