7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде тоодон нидерланддык турист бутун кокустатып, белин сындырып алган

511

Баткенде куткаруучулар белин сындырып алган 36 жаштагы нидерланддык туристти тоодон түшүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районуна караштуу Миң-Теке тоосунда Нидерландиядан келген 36 жаштагы Textor Boris аттуу турист бутун кокустатып, белин сындырып алгандыгы тууралуу маалыматты “Централ Азия Тур” туристтик фирмасынан 112 кызматына кабарлаган.

«Туристтик фирманын өкүлдөрү жабыркаган жаранды коопсуз жайга түшүрүү үчүн тик учак сурап кайрылган. Жогоруда аталган туристти тоодон түшүрүү үчүн Бишкек шаарынан ӨКМдин Авиациялык ишканасынын тик учагы 13-сентябрда саат 9:35те учуп чыгып, туристти алып түшүп Ош шаарынын аэропортунда тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Тик учак кайрадан саат 17:55те Бишкек шаарына туруктуу жайгашкан ордуна конду»,-деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

512