Бүгүн, 14-сентябрда кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күрөшө баштайт.
Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтындагы маалыматка ылайык, Мээрим Жуманазарованын алгачкы атаандашы канадалык Линда Морайс болуп, экөө мелдештин 1/8 финалында 68 кг салмакта күрөшөт.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын куржунунда учурда эки алтын, бир коло медаль бар.
Ал эми бүгүнкү күрөш Бишкек убактысы боюнча саат 15:00-16:00дөр чамасында болот.