7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Тажик тарап миномётторду колдонгон». Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып жатат

772

Бүгүн, 14-сентябры мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек ара кезметин аныкташкан, алар болсо өз учурунда тараптардын ортосунда мурда жетишилген макулдашууларды бузуу менен мамлекеттик чек аранын такталбаган тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлеген.

Кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай, тажик чек арачылары ок чыгарган. Буга жооп катары УКМКнын Чек ара кызматынын чек арачылары да курал колдонушкан.

Чек ара кезметтеринин ортосунда атышуу башталып, тажик тарап миномётторду колдонгон.

«14-сентябрь саат 09:30га карата ок атышуу маал-маалы менен болуп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жана жаракат алгандар жок. Баткен чек ара отрядынын башчысы чыр-чатак орун алган жерге жөнөп кетти. Чыр-чатактын мындан ары күчөп кетишине жол бербөө максатында УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Кыялбек Төлөнбаев менен Тажик Республикасынын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы генерал-майор X. Пиракзоданын ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү болду. Тараптар жолугушууну пландап жатышат»,-деп берилет билдирүүдө.

Учурда УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

773