7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Баткендеги абал боюнча маалымат таратууда жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз!»

620

«Урматтуу журналисттер жана блогерлер!

Баткендеги абал боюнча маалымат таратууда жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз. Айрыкча аскерлер жана аскердик техникалардын жайгашкан жерлерин, алардын жылып жүрүүсүн чагылдырбоону өтүнөбүз.

Учурда Чек ара кызматы жана башка түзүмдөр күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда жана түзүлгөн кырдаалды тезирээк чечүү аракетин көрүүдө.
Башка учурда болсо мейли, бирок ушундай оңой эмес кырдаалда айрым блогер, журналисттердин кыргыз Куралдуу Күчтөрүнүн дараметинен күмөн санаган (кыргыз аскерлеринин унааларында бензин жок калыптыр деген сыяктуу) пост, билдирүүлөрдү чыгарып жатканы өкүндүрөт. Анткени бул жалган жана чагымчыл маалымат.

Кыргыз жоокерлери материалдык-техникалык жактан толук камсыздалган.

Кыргыз тарапта тажик тараптын агрессиясына жараша жооп бергенге аскердик да, курал-жарак, техникалык да күчтөрү жетиштүү.
Ошондой эле Сиздерден такталбаган маалыматтарды таркатпоону суранабыз»,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

621