7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткендеги куралдуу кагылыштан 140 адам жабыркап, 46 адам каза болду

447

Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандардын саны 140га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 17:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 140 жабырлануучуну түзөрүн, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.

Жабырлануучулардын көпчүлүк бөлүгү Бишкек жана Ош шаарынын саламаттык сактоо уюмдарына которулду (102 жабырлануучу).

1. Улуттук госпитал – 71 жабырлануучу;

2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;

3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;

4. Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу;

5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;

6. Ош облустар аралык клиникалык балдар ооруканасы – 2 жабырлануучу.

Калган жабырлануучулар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.

Баткен облусунан алынган ыкчам маалыматтар боюнча, дагы 10 каза болгон адамдын сөөгү Баткен шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарына келип түшкөн. Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 46 адамды түзөт.

Information on victims of the armed conflict in the Batken region 

The Ministry of Health of the Kyrgyz Republic informs that at 5 pm (operational data) on September 18, 2022, the total number of victims admitted to health organizations is 140 people, of which 7 victims were sent for outpatient treatment.

Most of the victims were transferred to healthcare organizations in Bishkek and Osh (102 victims).

1. National Hospital — 71 victims;

2. National Surgical Center — 8 victims;

3. National Center for Maternal and Child Health – 8 victims;

4. Emergency hospital – 9 injured;

5. Osh Regional United Hospital – 4 victims;

6. Osh Interbaste Children’s Clinical Hospital – 2 victims.

The rest of the victims receive inpatient treatment in health organizations of the Batken region. All the victims are provided with the necessary medical care, blood components, medicines and medical devices are available in sufficient quantities.

According to operational data transmitted from the Batken region, the bodies of 10 more victims were received by the Batken health organization. The total number of deaths as a result of the armed conflict in the Batken region is 46 people.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

448