Пейилиң кардай ак сенин,
Перзенттей болгон Баткеним.
Жүзүңө түшпөй так сенин,
Жаркырап турчу Баткеним.
********************************
Тынчтыктын чебин урагыс,
Ынтымак менен курабыз.
Мекендин чебин урагыс ,
Биримдик менен курабыз.
*******»**************************
Айрылбайын Ала-Тоонун кутулган,
Эки көзүм жамандыгын көрбөсүн.
Тебеленип бузукунун бутунан,
Ата-Журттун кумурскасы өлбөсүн….
Автор: Бердибек Жамгырчиев