Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандардын саны 144 го жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
18-сентябрь, саат 22:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттыкты сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны 144 адамды түзүп, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн билдирди.
Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу):
1. Улуттук госпиталда — 71 жаракат алган жараан;
2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;
3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу
4. Тез жардам ооруканасы — 9 жабыркаган;
5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;
6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2 жабырлануучу.
«Калган жабыр тарткан жарандар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Мындан сырткары кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү»,-деп берилет билдирүүдө.
Баткен облусунан алынган ыкчам маалыматтар боюнча, дагы 13 каза болгон адамдын сөөгү Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына келип түшкөн. Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 59 адам.