Кече, 15-март Баткен облусунун акимдери менен орун басарлары мамлекеттик аттестациядан өттү. Аныгыраагы бири да сынактан өткөн эмес.
Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматына ылайык Лейлек районунун акими Бекмурат Баймуратов биринчи баскычтан өтүп, экинчисинен кулап калган.
Ал эми Баткен районунун акими Акылбек Орозов 60 суроонун 29уна гана туура жооп берип, экинчи турга да өткөн эмес.
Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары, акимдин милдетин аткаруучу Абдыманнап Жакпаров аттестациядан өтүүдөн баш тарткан.
Жакпаровго байланышып, себебин сурап көрдүк.
«Ден соолука байланыштуу, иштен кетейин деп жаттым эле. Аким жок болгондуктан иштер калып кетпесин деп иштеп жатам. Сахарым көбөйүп, тез жардам менен укол алып иштеп жатам. Аттестация жүрүп жатканда, үйдө даарыланып жатканмын. Анын үстүнө атам каза болуп, 3-4 күн үйдөн чыга албай калдым»-дейт Жакпаров.
Анткен менен акимдин башка орун басары Мээринса Асанова экинчи турга өткөн.
Өлкө башчысынын демилгеси менен жергиликтүү жетекчилерди аттестациядан өткөрүү 11-март Нарын облусунан башталган.