Бүгүн, 7-июнь белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыков коронавирустан каза болду . Маалыматты анын кесиптештери тастыктайт.
Жакындарынын айтуусуна караганда, 3 жумадан бери бери коронавирус менен ооруп, ооруканада жаткан. Бүгүн таңга жуук абалы начарлап үзүлүп кете берген.
Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылында төрөлгөн.
Чыгармачылыкка студент кезинен аралашып алгач «Таң жылдызы» деген топту негиздеген. Кийин “Бешилик”, “Беш кемпир» топторун түзүп, миңдеген таланттардын сахнага чыгып таанылышына себепчи болгон.
Ал сатирадан сырткары бир топ поезиялык ырлардын автору, бир нече китептери жарык көргөн.