7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэриясынын бухгалтери УКМКнын кызматкерине пара берип кармалды

990

Бүгүн, 7-июнда Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын биринин башкы эсепчиси «Н.П.» УКМК кызматкерине 50 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык УКМК арызды кароо учурунда муниципалдык ишкананын лифт боюнча бир катар каржылык мыйзам бузууларын аныктаган. Ишкананын башкы эсепчиси каржылык мыйзам бузуулар фактысы боюнча арызды кароону токтотуу үчүн,  4-июнунда Коопсуздук органдын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган.

Бул факт туралуу УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.  Учурда козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

991