7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Билим берүү министрине эскертүү берилип, орун басары кызматтан бошотулду

385

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Чечим бүгүн «Ынтымак Ордодо» өткөн президенттин администрациясынын коллегиясында кабыл алынды.

Расул Абазбек уулу ишти жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн кызматынан четтетилди.

Ошондой эле жыйында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага “эскертүү” берилип, орун басары Лира Самыкбаевага “катуу сөгүш” берилди.

Мындан тышкары аталган  министрликтин 3 кызматкерине тартиптик жазаларды колдонуу сунушталып, “катуу сөгүш” жарыяланды.

Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо секторунун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Д.К. Алибаеваны кызмат ордунан бошотуу керектиги белгиленди.

386