7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир мандаттуу шайлоо округу: ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды

455

№ 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкка ылайык жогоруда аталган бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, «КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 59, 65-беренелери жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. № 5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2024-жылдын 30-июнуна дайындалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды бөлсүн;

– шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн;
– Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн анын маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрсүн;

– шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну, мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдарын камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн;

– добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;

– Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды ишке ашырууну белгиленген тартипте камсыз кылсын.

4. Башкы прокуратура шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Конституциянын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.

5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

456