АКШнын 31 жаштагы тургуну бир нече жума айырмачылык менен 2-ирет балалуу болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой Келси Пирс көп жылдардын бери тукумсуздук менен жабыркап келген. Акыркы 3 жыл аралыгында жолдошу экөөлөп топтогон акчасына жасалма жол менен балалуу болуу жолун тандашкан. Бирок, бул аракет ийгиликсиз аякталган.
Ал эми даарылер балалуу болуунун бирден-бир жолу бул 100 миң доллардан башталган суррогат эненин кызматынан пайдаланууну экендигин айтышкан. Бирок Пирстин үй-бүлөсү мындай сумма жок экендигин айтып баш тарткан.
Эң кызыгы, кызынын көйгөйүн билгенден кийин, Келси Пирстин 53 жаштагы апасы Пирс Лиза Рутерфорд курсак эне болууга макул болгон.
Резерфордго эмбрион көчүрүлгөндөн көп өтпөй, кызы күтүлбөгөн жерден өзүнүн кош бойлуулугу тууралуу билген. Кош бойлуулук учурунда эне менен кыз бири-бири менен дайыма байланышта болуп, бири-бирин колдоп турушкан. Резерфорд 1-октябрда өзунүн небересин дүйнөгө алып келген. Алар ага Эверли деп ат коюшту.
Бир нече жумадан кийин, 23-ноябрда, Пирстин сиңдиси Ава төрөлгөн. Азыр эки кыздын тең ден-соолугу канаттандырарлык. Ал эми бир учурда 2 жолу эне болуу бактысына арзыган Келси Пирс абдан бактылуу экендигин айткан.