Өткөн сутка боюнча өлкө боюнча техногендик жана табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 18 бөлүм тартылган.
«Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 4 ,өрт кырсыгы катталган. Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуулар катталды (Бишкек шаарында 2 эшик ачуу, Нарын облусунда 1 издөө иштери, Баткен облусунда 1 шахтыдан газ чыккан, Жалал-Абад облусунда 1 унаа кырсыгы, Ысык-Көл облусунда 1 унаа кырсыгына», — деп берилет маалыматта.