7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бириккен Араб Эмираттары дрондорду булуттарга учуруп, жамгыр жаадырат

722

Sputnik билдиргендей, Бириккен Арап Эмираттары жарыяланган жаңы долбоор менен дрондордун жардамы менен булуттарга «шок» колдонуп, жаан-чачындын көбөйүшүн пландап жаткандыгын жарыялады.

Жамгыр программасынын башында турган Аля аль-Мазруи бул долбоор төмөнкү бийиктикте учкан дрондордун жардамы менен булуттардагы электр зарядынын тең салмактуулугун өзгөртүүгө багытталган деп билдирди. Аля аль-Мазруи дрондордун Британияда иштелип чыгып, Дубайда сыноодон өткөнүн айтты.

Өлкөдөгү кургакчылыкка карабастан «булуттардын көп» экендигин айткан Аль Мазруи Араб Ньюс агенттигине берген маегинде планды «статикалык электр менен туш келгенде чачтардын таракка жабышканына» окшотуп, дрондордун абага «электр заряддуу иондорду» ташый тургандыгын белгиледи.

Кургакчылык менен күрөшүп жаткан өлкөдө Бириккен Арап Эмираттарынын өкмөтү 2017-жылы 9 башка «жамгырды жакшыртуу долбоору» үчүн 15миллион долларлык бюджет бөлгөн.

Эмгек ийгиликтүү боло турган болсо, изилдөөчүлөр чоң учак менен ушундай иштерди аткаруу үчүн керектүү каражаттарды табууга болорун ойлошкондорун билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

723