7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Биринчи айымдын фонду муктаждарга кийим-кечелерди тапшырды

517

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги биринчи айым Айгүл Жапарова жетектеген «Эне — балага тирек» коомдук фондунун колдоосу менен Ак-Суу районунун 1 100дөн ашык баласына кийим-кече жана бут кийим тапшырды.

Жардам алуучалардын тизмесине тоголок жетим балдар жана муктаждыгы боюнча жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары киришти. Айрымдар дароо кийип алган спорттук бут кийимдер өзгөчө кубаныч тартуулады.

Буга чейин да бут кийим түрүндө мындай жардамды Министрликтин 17 социалдык стационардык мекемелерине берилген. Аларда 2,3 миңден ашык улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, чоңдор жана психоневрологиялык оорулары бар балдар жашайт.

Өз убагында жардам көрсөтүү интернаттардын кызмат алуучуларына ыңгайлуу жашоого, спорт менен машыгууга жана жөө сейилдөөгө мүмкүндүк берет.

 

518