Бишкек мэриясынын жамааты вице-мэр Айжан Чыныбаеванын кызматтан кетүү боюнча билдирүүсүн эмоционалдык чыңалуу деп баалайт.
Мэриянын басма сөз кызматы билдирген маалыматка ылайык, юридикалык жактан Чыныбаева вице-мэр кызматынан бошой элек.
«Мериянын муниципалитетиндеги иш чындыгында психологиялык жана физикалык жактан алсыратат. Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басарынын кызматы өтө жоопкерчиликтүү жана эмоционалдык жактан оор экендигин түшүнөбүз. Айжан Адамкалыевна социалдык багыттан тышкары борбордогу пандемияга каршы күрөштү дагы көзөмөлдөйт. Мындан тышкары, вице-мэр дагы деле болсо Баткен облусуна гуманитардык жардамды чогултуу жана бөлүштүрүү иш-чараларынын жигердүү катышуучусу экендигин белгилейбиз. Биз анын чечкиндүү аракеттерин жана ишине толугу менен берилгендигин баалайбыз. Бишкек шаарынын мэриясы вице-мэрдин баракчасындагы видеотасманы баарыбыз үчүн оор мезгилде топтолгон эмоциялардык жарылуу деп эсептейт», -деп басма сөз кызматы билдирди.