Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева иштен кеткендигин видео кайрылуу аркылуу, өздүк баракчасында кабарлады.
Анда айтылган маалыматка ылайык, вице-мэр жетекчиси менен тил табыша албай калгандыгынан кетүүгө мажбур болгон.
«Кол алдындагыларды урушкан, сөгүнгөн жетекчи менен иштеше албайм. Азыр ден соолугума карайын деп чечтим»-дейт Чыныбаева.
Бул тууралуу азырынча мэриядан жооп боло элек. Бирок, расмий кайрылуу болоору менен маалымат толукталат. Экинчи тараптын пикирин алууга мүмкүн болушунча аракет кылуудабыз.
Эске салсак ал, 2020-жылдын октябрь айында «Бир-Бол» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер болгон. Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин, жаштардын атынан Бишкек шаарына вице-мэр болуп дайындалган болчу.