7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоону кайра өткөрүү үчүн 48 миллион 344 миң сом сарпталат

604

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоону кайра өткөрүү үчүн 48 миллион 344 миң сом сарпталат. Бул тууралуу Боршайкомдон билдирди.

Маалыматка ылайык, БШК үч шаарда өтө турган шайлоонун сметасын түзгөн.

         Каражат төмөнкү багыттарга сарпталат:

  • Шайлоого даярданууга жана аны өткөрүүгө керектүү товарлар менен кызматтарды сатып алууга;
  • Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жабдыктардын операторлорун окутууга жана кызматтык сапарларга барууга;
  • Байланыш кызматына;
  • Предметтер менен материалдарды сатып алууга;
  • Жабдыктар менен материалдарды жеткирүү үчүн транспот кызматтарына;

Шайлоо 11-июлда, жекшемби күнү өтмөкчү. Апрелде болгон шайлоодо массалык түрдө мыйзам бузуу катталгандыгына байланыштуу аталган үч шаардагы добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Эскерте кетсек, мурдагы шайлоодо массалык түрдө мыйзам бузуу катталгандыгына байланыштуу аталган үч шаардагы добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

605