Бишкек шаарынын тургундарынын үйлөрүнө жылуулук берүү нормаларга ылайык жүргүзүлөт.
Жылуулук берүү мезгили 5 күн катары менен абанын орточо температурасы +8 ℃ төмөндөгөндө бериле баштайт.
«Урматтуу шаар тургундары! Кышка кам көрүңүздөр! Терезе, эшиктериңиздерди жылуулап, отун, көмүр камдап алыңыздар жана жылуу кийиниңиздер»,-деп билдиришти мэриядан.